«Арча-Бешиктен» жоголгон 6 жаштагы кыз «Ак-Ордодон» табылды

Автор -
505

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен кичинекей кызды ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ленин РИИБ маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 12-мартта болжол менен 18:20 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө «Ак-Ордо» жаңы конушунда 7 жашар чамасындагы кыз жалгыз жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине барган милициянын кайгуул кызматы кызды таап, Ленин РИИБинин экинчи бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жактан кыздын өздүгүн жана ата-энесинин жашаган жерин тактоо максатында жашы жете электердин иши боюнча инспекторлорго өткөрүлүп берилген.
Бул убакта Ленин РИИБине 6 жаштагы кызы жоголуп кеткенин айтып Н.Ч. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, кызы «Арча-Бешик» конушунда жайгашкан үйүнүн алдында ойноп жаткан. Бир аздан кийин таппай калышкан.
Милиция кызматкерлери кыздын өздүгүн аныктаган документтерди текшергенден кийин аны ата-энесине өткөрүп беришкен.
Бөлүшүү