Коронавирус: Кыргызстанга келгендер 3 категорияга бөлүнүп каралат

Автор -

Коронавирус жайылган мамлекеттерден Кыргызстанга келгендер 3 категорияга бөлүнүп каралмакчы. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүрүлгөн өлкөлөрдүн арасынан биринчи категорияга коронавирус илдети аныкталып, көбөйүп кеткен мамлекеттер кирет. Бул категорияга кирген Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испания өлкөлөрүндө акыркы бир ай ичи болгон чет элдик жарандар Кыргызстанга киргизилбейт. Ал эми кыргызстандык жарандар түз карантинге түшөт. Буга ички, жалпы жарандык жана дипломаттык паспорт алып жүргөн бардык жарандар кирет. Илдет күч алган өлкөлөрдө болгонун жашырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Экинчи категорияга АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Британия, Бельгия жана Нидерланды мамлекеттеринен келгендер кирет. Булардын бардыгы эки жума үй карантинине алынат. Карантин шарттарын бузуп, эл көп чогулган жерлерге барган жарандар мыйзамдуу жоопко тартылышат.

Үй карантинде болууга мүмкүнчүлүгү жок чет элдик жарандар өлкөгө атайын мекемелер аралык комиссиянын чечимине жараша киргизилет жана тийиштүү жерге 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.

Үчүнчү категорияга дээрлик оору аныкталбаган мамлекеттерден келгендер киргизилет. Алар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Алардын эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат.

Обсервациядан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрү саламаттыгына жараша бошотулат.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү