Чет өлкө жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат

Автор -

Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб четөлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө 30 күнгө тыюу салууну сунуштады. Бул туурасында маалымат жыйын учурунда вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус менен катталган жарандар жок. Бирок коңшу мамлекеттерде оору бар болгондуктан бир катар эрежелер киргизилди.

«Биздин өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын кирүүсүнө убактылуу тыюу салуу сунушталды. Буга сырттан кайткан мекендештер менен жүк ташуулар кирбейт», — деди Өмүрбекова.

Ошондой эле биринчи категорияга кирген мамлекеттердин саны 15ке чейин өстү. Алар: Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, АКШ, Германия, Щвейцария, Англия, Норвегия, Австрия, Япония, Голландия, Швеция, Бельгия жана Австрия. Жогорудагы мамлекеттерде коронавирус жуктуруп алган 1000ден көп адам катталган.

Ал эми вирус катталган айрым мамлекеттер экинчи категорияда болушат. Үчүнчү категория деген түшүнүк жоюлганы айтылды.