Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур катталды

Автор -

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 18-мартта коронавирусту алдын алуу штабынын чукул жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, кечээ түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирустун белгилери аныкталган.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстан чет өлкө жарандары үчүн чек арасын жапкан. Өлкөгө кыргызстандыктар гана кире алат, өлкөдөн сыртка -чет өлкө жарандары гана чыга алат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү