Араб Эмиратында дагы бир кыргыз жаранынан коронавирус чыкканы айтылууда

Автор -

Бириккен Араб Эмиратында жүргөн кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу араб басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-мартта Эмиратта коронавирус жуктурган 15 жаңы учур катталып, алардын арасында Кыргызстан, Сербия, Италия, Нидерланды, Австралия, Германия, АКШ, Греция, Орусия, Украина, Бангладеш, Британия, Испания мамлекетинин жарандары болгон.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ооругандардын жалпы саны 113кө жеткенин билдирди.

«Коронавирусту аныктоо мониторинг системасы жана буга чейин вируска кабылган жарандар менен жакын байланышта болгон адамдарга текшерүү жүргүзүү менен ишке ашырылды. Ошондой эле чет өлкөдөн келип, карантинге алынгандардын арасынан да вирус аныкталды», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, учурда вирус аныкталгандардын абалы туруктуу жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. КР ТИМ бул маалыматты тактап жатышканын билдирди.

Буга чейин КР Саламаттык сактоо министрлиги Жалал-Абад облусунда умрага барып келгендер арасында 3 адамдан коронавирус чыкканын маалымдаган.

Бөлүшүү