Республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери иштей баштады

Автор -

Сузакта коронавирус жуктуруп алган 3 бейтап аныкталгандыгына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Буга ылайык коронавирусту алдын алуу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери иштей баштады. Жарандар кандайдыр бир вируска шектүү белгилерди байкаса жана коронавирус тууралуу суроолору болсо 0312 323202 номуру аркылуу байланышка чыкса болот. Ошондой эле 0770 895556 номери менен WhatsApp мессенджери иштөөдө.

Эске сала кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы 3 учур катталды.

Бөлүшүү