Ысык-Көлдө март айында 12 адам умрадан келген

Автор -
246

Ысык-Көл облусунан умрага 26-февралдан 10- мартка чейин 12 киши барып келгени аныкталды, деп жазат «Азаттык». Алардын үчөө Каракол шаарынан, алтоо Жети-Өгүз районунан, экөө Түп районунан барышкан.

Облустук казыяттын маалыматына караганда, учурда умра сапарына баргандар дагы такталып жатат.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жугузган үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келгендер экени такталды.