Алматыда коронавирус жуктурган адамдын үйү курчоого алынды

Автор -

Алматыда коронавирус жуктуруп алып, үй карантинине алынган адамдын үйү курчоого алынды. Vласть интернет журналы шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаровго шилтеме кылып, илдеттин башкаларга жугуу тобокелдиги жогору болгондуктан, үй курчоого алынганын жазды.

19-марттан тарта Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуу жайлары убактылуу ишин токтотот деп күтүлүүдө. Мындан тышкары бийлик 22-марттан тарта аба жана темир жол байланыштарын да толук токтотууга ниеттенип жатат.

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган адамдардын саны 36га жетти. Алардын сегизи Нур-Султанда, дагы сегизи Алматыда катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 218 миңден ашып, каза болгондор тогуз миңге жакындап калды. Илдеттен 84 миң киши айыкты.
Бөлүшүү