Бишкекте унаа бакты сүзүп, 3 киши жабыркады

Автор -

Бишкекте Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа бакты сүзүп алды. Бул тууралуу калаанын Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кырсык бүгүн болжол менен 03:00 чамасында болгон.  Kia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 киши жабыркап, бирөө комага түшүп калган. Баары  ооруканага жеткирилди.

Унаа айып жайга токтотулуп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү