Бишкекте Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа бакты сүзүп алды. Бул тууралуу калаанын Кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кырсык бүгүн болжол менен 03:00 чамасында болгон. Kia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 киши жабыркап, бирөө комага түшүп калган. Баары ооруканага жеткирилди.
Унаа айып жайга токтотулуп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.