Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 адамга жетти

Автор -

Нур-Султанда коронавирус жуктурган дагы 7 учур катталды, деп билдирет Tengrinews.kz.

«Нур-Султан шаарында коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 7 жаңы учур катталды. Бүгүнкү күндө өлкөдө 44 адамдын илдетти жуктурганы аныкталды, алардын 19 учуру Алматы шаарында, 25 учуру Нур-Султан шаарында», — деп билдирди өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги.

Бүгүн эртең менен Алматыдан коронавирус жуктурган адамды аныкташкан.

Белгилей кетсек, вирус менен жабыркагандардын айрымдары чет жактан келгендерден жуктургандар, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү