Кыргызстанга Алматыдан 160 кыргыз жараны келиши күтүлүүдө

Автор -

Кыргызстанга Алматыдан 160 кыргыз жараны келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу коронавируска каршы аракеттенүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар ал жакка турист катары эс алууга чыгышкан.

«Учурда тизмелер түзүлүп, жарандарыбыздарды алып келүү боюнча алдын ала чаралар жүрүп жатат», -деп билдиришти штабдан.

Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктурган адамдардын саны он тогузга жеткени кабарланган. Баш-аягы Казакстанда 44 адам бул илдет менен жабыркоодо.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү