Коронавирустун кесепетин жоюуга багытталган иштерди жүргүзүүгө Кыргызстан бир миллиард сомдон ашуун акча жумшайт. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.
Аталган каражат өлкөгө азык-түлүк алып келүүгө жана коронавирус менен күрөшүүгө сарпталмакчы.
«Саламаттык сактоо министрлигине 50 миллион, обсервацияда жаткандарды караган Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 21 миллион сом, дезинфекциялоочу каражаттарды алууга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 5 миллион сом берилди. Бул вирус менен түздөн-түз алышып жаткандарга бөлүнгөн каражат», — деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы, мындан сырткары, экономика тармагына 800 миллион сом бөлүнө турганын белгиледи.
«Өкмөт Казакстандан ун жана башка биринчи кезекте керектелүчүү азык-түлүктөрдү алып келүүгө 400 миллион сом бөлдүк, эки мамлекеттик банк 200 миллиондон бөлөт. Ошол 800 миллион сомду биздин кызматты аткара турган ишкерлерге 8 пайыздык кредит менен бердик. Андан тышкары, ӨКМге дагы 200 миллион сомду бөлүүнү сунуштап, алдыңарга алып келдик. Ошонун баарын кошкондо 1,1 миллиард сом болот», — деди премьер-министр.
Абылгазиев коңшу өлкөлөрдөн жүк ташууга тоскоолдук жок экенин белгилеп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралбай турганын айтты.