Кытайда кырсыктап балкондон учуп кеткен кыргызстандык Айдай Закиралиевага бүгүн Иу шаарында операция жасалат. Бул маалыматты анын эжеси Элмира Кылычбаева билдирди, деп жазат Sputnik.kg
Агенттиктин билдиргенине караганда, Айдайдын операциясы беш саатка жакын созулуп, эки жерине жасалат.
«Реабилитация мөөнөтү боюнча азырынча кеп боло элек, операция оор болот дешти. Болжол менен 5 сааттай, эки жерине — бел омурткасына жана согончогуна жасалат экен», — деп айтып берген Элмира Кылычбаева.
Эске салсак, КР Тышкы иштер министрлиги 12-мартта Кытайда экинчи кабаттан кулап кетип жаракат алган кыргыз кыз тууралуу маалымат тараткан. Анда кырсык 2020-жылдын 6-мартында саат 09:20дө болгону, кыз Кытайдын Иу шаарындагы медициналык жайына жаткырылганы айтылган. Алган жаракаттарынан улам, мекенине алып келүүгө мүмкүн эместиги айтылып, 24 жаштагы Айдай Закиралиеванын туугандары операцияга акча издеп башташкан.