Россияда коронавирус биринчи жолу адам өлүмүнө алып келди

Автор -

Москвада коронавируска чалдыккан 79 жаштагы аял каза тапканын РИА Новости өлкөдө COVID-19 кырдаалын мониторинг кылган ыкчам штабга шилтеме берип жазды.

Көз жумган бейтаптын жүрөк-кан тамырларына байланышкан бир топ өнөкөт оорулары бар экендиги айтылды.

Каза тапкан аял 13-мартта ооруканага жаткырылып, кийинки күнү туугандарынын өтүнүчү менен жеке клиникага которулган. Инфекциялык бейтапкана анда коронавирус бар экендигин аныктап, дем алуусу кыйындагандыктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан.

Ыкчам штаб аялдын тууган-уруктары медиктердин көзөмөлүндө экендигин кошумчалады. Аларда азырынча COVID-19 симптомдору жок.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта Россияда коронавируска 147 адам чалдыгып, анын сегизи айыкты. Бул өлүм катталган биринчи учур.