Сузакта коронавируска чалдыккан адамдын аялынын анализи таза чыкты

Автор -

Сузакта коронавируска чалдыккан адамдын аялынын анализи таза чыкты. Ал дагы күйөөсү менен умрага барып келген. Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчысы бул илдетке чалдыгуу коркунучу ар бир адамдын иммунитетине жараша болорун белгилеп, ооруп калган үч сузактык менен бир учакта келген 144 адамдын баары аныкталганын, алар доктурдун көзөмөлүндө экенин айтты.

Өкмөт башчысы Сауд Арабиясы Кыргызстанда коронавируска байланыштуу сырттан келгендерди «карантинге сөзсүз алыш керек» деген өлкөлөрдүн тизмесинде болбогонун, ошондуктан умрадан келгендер чектөөгө алынбаганын билдирди. Бирок алардын ар бири тизмеге алынып, үйүндө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп турганын кошумчалады.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.