2020-жылдын 22-мартынан баштап Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу кечээ, 21-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал режиминин чоң айырмасы бар жана аларды чаташтырып, дүрбөлөңгө алдырбоо керек.
«Өзгөчө кырдаал — бул өзгөчө абал эмес. Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиологиялык чаралар киргизилет, элдердин, же жарандардын бир жерден экинчи жерге барышы, өзгөчө муктаждыгы жок бир шаардан экинчи шаарга, бир райондон экинчи районго баруусу кыскартылат. Бирок өзгөчө абалга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдын шарттары жумшагыраак болот. Экономикалык жана башка ишмердүүлүк өз нугу менен жүрө берет», — деди Боронов.