Германиянын канцлери Ангела Меркел жекшембиден тартып үй карантинде болот. Өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберттин айтымында, канцлер аны эмдеген дарыгерден коронавирус табылганын билгенден кийин ушундай чечим кабыл алган. Меркел дарыгерде эки күн мурда болгон.
Германиянын канцлери Ангела Меркел алдыдагы күндөрдө коронавируска тест тапшырып турат. Ал өз милдетин карантинде аткара бермекчи