Коронавирус жуктурган 71 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду

Автор -
864

23-март саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

Бөлүшүү