Штаб: Атайын эсептеги акчанын бир да сому коротулган жок

Автор -

Коронавирус менен күрөшүү үчүн жарандардан түшүп жаткан акчанын бир да сому коротулган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Республикалык штабдан билдиришти.

Буга чейин коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 5,2 млн сом топтолгону кабарланган болчу.

«Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине түшөт. Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок. Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат. Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет»,- деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү