Мамлекеттик кызматкерлер үйдөн иштөөгө таратылды

Автор -
205

Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө кое берилет. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта коронавирустун өлкөгө жайылуусунун алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай тартип өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендиги менен байланыштуу.

[ads-quote-center cite=’деп жазылат маалыматта.’]«Өлкө аймагында өзгөчө абал режими кирди. Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында, кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин», [/ads-quote-center]