Өлкөдө эртеңден тарта өзгөчө абал киргизилди. Ал эмне?

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, аталган аймактарда 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.  Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Өзгөчө абал деген эмне?
Бул жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо максатында республика боюнча же анын айрым аймактарына киргизиле турчу убактылуу чара болуп эсептелет. ӨА режими КР жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.

Өзгөчө абал кайсы учурда киргизилет?
Өзгөчө абал кризистик учурларда киргизилет. Мындан тышкары, өзгөчө чараларды көрүүгө муктаждык жаралган учурда жарыяланат. Алар:

  • Биологиялык мүнөздө: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия жаралса;
  • Социалдык мүнөздө: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатак, массалык башаламандыктар, барымтага алуулар, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объектилерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
  • Табияттык-техногендик мүнөздө: табигый кырсыктар жана кыйроолор конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирген учурда.

Өзгөчө абалды ким киргизип, ким жоёт?
Президенттин жарлыгы менен киргизилип, ыкчам түрдө Жогорку Кеңешке кабар берилет. Парламент аны жактырып же тескерисинче артка кайтарып, айрым учурда жобону өзгөртүп, ӨК режимин алып сала алат.

Режим канча убакытка созулат?
Кыргызстандын аймагына киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 30 күндөн, ал эми өлкөнүн бир бөлүгүнө киргизилген өзгөчө абал 60 күнгө чейин созулат. Бул мөөнөт бүткөндө өзгөчө абал режими токтотулат же Жогорку Кеңеш тарабынан ушундай эле мөөнөткө узартылат. Ошондой эле ЖК режимди белгиленген убакыт аяктай электе токтотуп коюуга укуктуу.

Өзгөчө абал убагында кимдер башкарат?
Ыкчам башкаруунун жана күчтөрдү координациялоонун жогорку органы болуп Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети саналат. Ошондой эле мындай иштерге жарандык коргонуу органдары, өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөктөшөт.

КРдин мамлекеттик бийлигинин жана башкаруунун жогорку органдары өзгөчө абал киргизилген жерлерде иштеген төмөнкү органдардын жана кызмат адамдарынын ар кандай чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

Күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү кылып башкаруу үчүн өзгөчө абал киргизилген аймакка комендант дайындалат. Анын ыйгарым укуктары болот. Маселен, коменданттык саат киргизет, убакыт боюнча чектөө киргизип, чараларды көрөт. Андан сырткары, аймакка кирип-чыгуу тартибин аныктайт.

Мамлекеттик органдар кандай чара көрө алат?
Өзгөчө абалдын чаралары абдан көп, 25 пункттан турат. Алардын бир катарларын төмөндө келтиребиз:

  • жарандарды жашоого кооптуу болгон аймактардан убактылуу көчүрүп чыгуу, бирок алар жашап турганга башка жай берилет;
  • кишилердин каттамы, тагыраагы, кирип-чыгышы боюнча өзгөчө тартип орнотуу;
  • жарандардан курал-жарактарды, алардын ичинен атыла турган куралдарды, ок-дарыларды алып коюу. Ал эми ишкана, мекеме жана уюмдардан — машыгуу үчүн аскер техникасы, жарыла турган заттар, радиоактивдүү заттар, материалдар алынат. Мындан сырткары, күчтүү таасири бар химиялык жана уулуу заттар да алынат;
  • жыйындарды, митингдерди, көчөгө чыккан акцияларды, пикеттерди, андан сырткары, эл көп катышкан спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • курал, күчтүү таасири бар химиялык жана уулуу заттарды сатууга тыюу салуу. Андан сырткары, арак-шарапты жана курамында спирт бар каражаттарды сатууну чектөө;
  • карантин киргизип жана башка дагы санитардык аракеттерди, эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү;
  • радио-теле аппаратураларды, аудио-видеотехникаларды колдонууга тыюу салуу же чектөө, жалпыга маалымдоо каражаттарына көзөмөл кылууну киргизүү;
  • ордун башка менен толтуруп берүү менен мүлктү алып коюу;
  • жеке тараптар өткөргөн иш-чаларды жөндөп туруу (үйлөнүү үлпөттөр, той-аштар, куран окутуу, туулган күн жана башка салтанаттуу иш-чаралар);
  • эмгекке жарамдуу адамдар менен иштеп турган транспортторду ишканалар, мекеме жана уюмдар үчүн, жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу үчүн ишке салуу. Бул учурда эмгек боюнча мыйзамдар сакталышы керек;

Дагы кимди тартууга болот?
Өзгөчө абалды жоюу жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн коргонуу ведомстволордун аскердик бөлүмдөрүн, ИИМдин, ӨКМди колдонууга болот. Буга өлкөнүн аймагында жайгашкан башка аскердик бөлүктөр да кирет. Алар КРдин мыйзамы жана аскердик устав менен иш алып барат;
Өзгөчө абал жарыяланган учурда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү атайын жарандар эки айга жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн чакырылат. Алар ири авариялар, жаратылыш кырсыктары, эпидемиялар жана эпизоотиялар болушу мүмкүн.

Жазалоо иштери барбы?
Бар. Жогоруда жазылган коменданттык сааттын тартиптерин бузса, баш тартуу кезиксе, тартип бузууга алып келчү, чагымчылдык жаратчу айың, имиштерди жайылтса жазалоо каралган. Андан сырткары, милицияга, аскерлерге жана милдетин аткарып жаткан кызматкерлерге баш ийбегендер да жазага кириптер болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү