Мамлекеттик кызматкерлер үйдөн иштөөгө таратылды

Автор -

Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө кое берилет. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта коронавирустун өлкөгө жайылуусунун алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай тартип өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендиги менен байланыштуу.

«Өлкө аймагында өзгөчө абал режими кирди. Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында, кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин», 
деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү