Штаб: Коронавируска чалдыккандардын он беши Ош облусунан

Автор -

Республикалык штаб бүгүн, 24-мартта коронавирус жугузуп алганы катталган тургундардын жашаган жери тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, жугуштуу илдет жаңы аныкталган 26 кишинин он беши Ош облусунан, он бири Жалал-Абад облусунан экени белгилүү болду.

Бардыгы болуп өлкөдө COVID-2019 кабылгандардын саны 42 адамга жетти:
Сузак району – 17 адам;
Ноокат району – 11 адам;
Кара-Суу районунда — 8 адам;
Ала-Бука районунда- 2 адам;
Бишкек шаарында – 2 адам;
Ош шаары — 1 адам;
Баткен облусу – 1 адам.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү