Кичи ажылыктан келгендерден коронавирус жуктуруп алгандар катталды

Автор -

COVID-19 вирусун жуктуруп алганы катталган 26 жаӊы учурдун ичинен 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү республикалык штабынан билдиришти.

Бүгүн, 24-мартта аталган илдетти жугузгандардын жалпы саны 42 адамга жеткени айтылды. Алардын 20 учуру — Ош облусунда, 19 учур — Жалал-Абад облусунда, 1 учур Баткен облусунда, 2 учур Чүй облусунда катталган.

Дагы 100 жаран коронавирус жуктуруп алууга шектелип, обсервацияга алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү