Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын телефондору конфискацияланууда

Автор -

Өзбекстанда коронавирус менен ооруган жана карантинде жаткан адамдардын уюлдук аппараттары, аудио, видеоаппараттары, банктык картасы жана башка маалымат ташуучу каражаттары убактылуу конфискацияланат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Учурда Өзбекстанда 46 адамдан коронавирус аныкталган. Андан сырткары 12 миң 731 адам 14 күндүк карантинде жатат. Алардын 7 415и ооруканада жана 5 315и үй карантинине чыгарылган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү