Бишкекте каттоосу жок жарандар көчөгө маалымкат менен чыга алат

Автор -

Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар иштеген, же жашаган жеринен маалымкат алышы шарт. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри, коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта борбор калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тургундар күндүзү оорукана, дарыкана жана дүкөнгө гана бара алат.

«Учурда Бишкек шаарында жашап же иштеп, бирок каттоосу башка региондо болгон жарандар боюнча көп суроо түшүп жатат. Алар ишканасынын жетекчилигинен сөзсүз түрдө мекеме кызматкери экенин тастыктаган маалымкат алышы керек. Болбосо жашаган жеринен маалымкат алышы шарт. Анысы жок болсо шаарга киргизилбейт», — деди Алымкулов.

Ошондой эле ал кечки саат 20.00дөн кийин көчөгө чыгууга толугу менен тыюу салынарын белгиледи.