Чүйдө коронавирус жуктурган эки жаңы учур катталды

Автор -
2202

2020-жылдын 25-марты саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бирөөсү – Бишкек шаарында жашаган 60 жаштагы эркек киши, ал коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон, экинчиси 35 жаштагы Чүй облусунун Москва районунун тургуну, анын Дубайдан келгени айтылууда.

Бардыгы болуп, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учур аныкталды:
Ош облусунда – 20 учур
Жалал-Абад облусунда – 19 учур
Бишкек ш. – 3 учур
Чүй облусунда – 1 учур
Баткен облусунда – 1 учур

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү