Кыргызстандан Жамбыл облусуна барган жарандан коронавирус аныкталды

Автор -

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган жаран Кыргызстандан барган. Ал Жамбыл облусуна 23-мартта барган деп жазышты казак басылмалары.

29 жаштагы Шу районунун тургунунан 24-мартта коронавирус аныкталып, карантинге алынды. Учурда анын абалы канааттандырарлык жана аны менен байланышта болгондордун аты-жөнү такталып, изделип жаткандыгы айтылат маалыматта.

Бүгүн, 25-март саат 13:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Казакстанда 79 адам коронавирус менен жабыркап жатат.

Бөлүшүү