Казакстан Ирандан келаткан айдоочулардын калганын өткөрүп баштады

Автор -

Казакстан тарап транзит менен Азербайжан, Россия жана Казакстандын аймагынан Ирандан Кыргызстанга багыт алган кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа каражаттарынын экинчи колоннасын өткөрүүнү баштады, деп билдирет республикалык штаб.

Учурда «Котяевка-Курмангазы» казак-россия чек арасындагы контролдук-өткөрүү пункту аркылуу Казакстандын аймагына экинчи колоннанын 19 автоунаасы киргизилди, алар Казакстандын кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанга багыт алат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул транзиттик коридор Ирандан келаткан кыргызстандык жүк ташуучу унаалары үчүн казак тарап менен уюштурулганын жана бир жолку акция болгондугун эскертет.

Бөлүшүү