Штаб: Обсервациядагы 2014 адам үй карантинине чыгарылды

Автор -

Обсервацияга жаткырылган жарандардын 2014ү мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды. Бул туурасында КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага таянып, республикалык штабдан билдиришти.

Акматованын айтымында, учурда 585 адам обсервацияда калды.

«Анализинен вирус жукканы тастыкталбагандар үйүнө жиберилди. Аларга кайрылып кетерим, сөзсүз түрдө үйдөгү карантиндин эрежелерин жана өздүк гигиенаны сактаңыздар. Үйгө конок чакырбаңыздар. Медиктер сунуштаган эрежелерди кынтыксыз аткарыңыздар. Эгер жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп өзүн начар сезсе, 118 жана 112 телефонуна чалып же үй-бүлөлүк медицина борборуна дароо кабарлашы керек», — деди Акматова.

Обсервациянын мөөнөтү 14 күн болчу. Ал жайга COVID-19 инфекциясы көп жайылган өлкөлөрдөн келген жарандар жаткырылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 42ге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү