Өлкөдө 25-мартка карата COVID-2019 жуккан жаңы учур катталган жок

Автор -

Кыргызстанда бүгүн, 25-март саат 9:00 карата коронавирусту жуктургандар болгон жок. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйын учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Учурда вирус жуктургандар дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ош облусунда – 20 адам.
Жалал-Абад облусунда – 19 адам.
Бишкек шаарында – 2 адам.
Баткен облусунда – 1 адам.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү