Коронавирус: атайын эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү

Автор -

Өкмөттүн буйругу менен Каржы министрлигинде ачылган эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү республикалык штабынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, инфекциянын жайылышынын алдын алуу иш-чаралары үчүн ачылган эсепке келип түшкөн акчанын бир тыйыны да коротула элек.

Топтолгон каржатты кимдер которгону жөнүндө айтылган жок. Чогулган каражатты натыйжалуу колдонуу, ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн комиссия түзүлөт. Ага парламент депутаттары, жарандык активисттер, коомдук ишмерлер кирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү