Кыргызстан башка өлкөлөрдүн жарандарды салык төлөөдөн толук бошотуу жана бизнести түздөн-түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын колдоно албайт. Бул туурасында бүгүн, 26-мартта онлайн маалымат жыйын учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
[ads-quote-center cite=’деди вице-премьер-министр Э. Асрандиев.’]«Биз башка өлкөлөрдүн — АКШ, Түркия, Европа, Казакстан, Россиянын салыктардан толук бошотуу жана бизнести түздөн — түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын толук көлөмдө колдоно албайбыз, себеби, алардын экономиканы колдогон финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар», [/ads-quote-center]Анын айтымында, өкмөт жакынкы убакытта Антикризистик планды көрсөтөт, анда жарандардын насыялар, салык салуу жана финансылык жардам маселелерин чечүү боюнча суроолоруна жооптор камтылган.