Жандандыруу бөлүмүндөгү алты жаран пневмония менен жабыркашат

Автор -

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, журналисттердин алдын ала кат түрүндө берилген суроолоруна жооп берүүдө.

Акматова коронавирус менен жабыркаган жарандардын абалы тууралуу маалымат берип, жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын абалына токтолду.

«6 жаран пневмония менен жабыр тарткандыктан, дем алдыруучу аппараттардын жардамы менен дем алышууда, мындан улам жандандыруу бөлүмүндө жатышат», — дейт Акматова.

Айта кетсек, 26-мартка карата берилген маалыматка ылайык Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооругандардын саны 44.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү