Өкмөт: Башка мамлекеттердин салыктан бошотуу тажрыйбасын колдоно албайбыз

Автор -

Кыргызстан башка өлкөлөрдүн жарандарды салык төлөөдөн толук бошотуу жана бизнести түздөн-түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын колдоно албайт. Бул туурасында бүгүн, 26-мартта онлайн маалымат жыйын учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

«Биз башка өлкөлөрдүн — АКШ, Түркия, Европа, Казакстан, Россиянын салыктардан толук бошотуу жана бизнести түздөн — түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын толук көлөмдө колдоно албайбыз, себеби, алардын экономиканы колдогон финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар»,
деди вице-премьер-министр Э. Асрандиев.

Анын айтымында, өкмөт жакынкы убакытта Антикризистик планды көрсөтөт, анда жарандардын насыялар, салык салуу жана финансылык жардам маселелерин чечүү боюнча суроолоруна жооптор камтылган.

Бөлүшүү