Коронавирус жуктурган алты киши жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды

Автор -

2020-жылдын 26-марты саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-2019 жуктурган 44 учур аныкталган:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 3 учур,
Чүй облусунда – 1 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.

Бүгүнкү күнгө карата стационардык дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын абалы:

122 киши – абалы канааттандырарлык;
10 адам – абалы орточо оор;
6 адам – реанимацияда;
34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү