Ысык-Көлдө өрттөн 27 жаштагы жигит жабыркады

Автор -

Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылында өрттөн 27 жаштагы жигит жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Жети-Өгүз районунун Манас көчөсүндө кечээ, 24-март күнү саат 21:49 чамасында чыккан. Жерине бир өрт өчүрүүчү топ жөнөтүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн 1 ч.м. жыгач полу күйүп, 1993-жылкы  жигит жеңил жаракат алган.
Өрттүн себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү