Ош шаарында коронавирус жуктургандар тууралуу маалымат тараткан адам кармалды

Автор -

Ош шаарында адамдар коронавирус жуктуруп алганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-мартта УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында  47 жаштагы Ош шаарынын тургуну Эркинбек Мырзакулов кармалган. Ал Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат берген. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында, коронавирус жуктургандар аныкталган эмес.

Э.Мырзакулов менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.