Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылында өрттөн 27 жаштагы жигит жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт Жети-Өгүз районунун Манас көчөсүндө кечээ, 24-март күнү саат 21:49 чамасында чыккан. Жерине бир өрт өчүрүүчү топ жөнөтүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн 1 ч.м. жыгач полу күйүп, 1993-жылкы жигит жеңил жаракат алган.
Өрттүн себеби такталууда.