Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылды

Автор -

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул туурасында бүгүнкү брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен:
Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген);
Пакистанда – 3 жаран;
Испанияда – 1 жаран.

«Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда», — деп билдирди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү