Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 58 адамга жетти

Автор -
255

Кыргызстанда 27-март күнү коронавирус жуктурган жаңы 14 учур катталды: Жалал-Абад облусунда -7, Ош облусунда -7 адам. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Бардыгы болуп, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учур аныкталган.

Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 27
Ош облусунда – 26
Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)
Баткен облусунда – 1.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү