Казакстандын Жамбыл облусунда 27-мартка карата коронавирус жуктурган 3 учур катталды. Бул туурасында coronavirus2020.kz. расмий сайтында айтылат.
Бейтаптар 29, 46 жана 24 жашта. Илдетти биринчи жуктурган учур Жамбыл облусунун Шу районунда, калган экөө Кордай районунда катталган.
«Коронавирус аныкталган үч жаран тең Кыргызстандан келген», -деп билдирди Жамбыл облусунун товарлардын жана кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Берик Жаркынбеков.
«Вирус жуктургандын баары өз убагында бир суткага карантиндик стационарга алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен бейтаптар жугуштуу оорулар үчүн стационарга жеткирилип, жаткырылды», — деди ал.
Анын айтымында, оорулуулардын абалы канааттандырарлык.
Алардын Кыргызстанда кимдер менен байланышта болгону такталган-такталбаганы азырынча белгисиз.