Бишкектен тогуз дарыгер бүгүн, 30-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына кеңештерди берүү жана практикалык медициналык жардам көрсөтүү үчүн барышат. Бул туурасында республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар борбордогу Кардиология жана терапия улуттук борборунун, Улуттук госпиталдын, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедрасынын, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жана №1 шаардык ооруканасынын дарыгерлери.
«14 күндүн ичинде дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтаптарга текшерүү жүргүзүшөт. Андан кийин бардык мед кызматкерлер 14 күндүк карантинге жиберилип, бир айдан кийин гана үйлөрүнө келе алышат. Ар бир дарыгерге керектүү коргоо каражаттары менен жеке бокстор берилди. Алар коргоочу кийимдерди, беткап, мээлей, костюм, ж.б. керектүү каражаттарды алып барышат», -деп айтылат маалыматта.