Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан Кант шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй облусунун Кант шаарынын тургуну, 1957-жылы туулган Квастиани Антонина Ивановна аныкталды.
Такталган маалыматтар боюнча А.Квастиани соцтармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан. А.Квастиани менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.