Бүгүн, 31-мартка карата коронавирус жуктурган 3 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жандандыруу бөлүмүндөгү эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.
Ушул тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 107 адамга жетти.