Алтынай Өмүрбекова жана Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Автор -
1020

КР ивце-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул туурасында президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулганы айтылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү