Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 111 адамга жетти

Автор -
736

2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Алар Чүй облусунда бир адам, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында -1, Сузак району -1, Кара-Көл шаары -1 адам.

Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар:

  • Жалал-Абад облусунда — 54 учур (үчөө айыгып чыкты);
  • Ош облусу — 37 учур (анын 8 Ош шаарында);
  • Чүй облусу — 13 учур (анын 8 Бишкекте);
  • Баткен облусу — 1 учур;
  • Нарын облусу — 4 учур;
  • Ысык-Көл облусу (Түп району) – 2 учур.

Коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптардын 59 — аял, 52 — эркек.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 2020-жылдын 18-мартында  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сауд Арабияга барып келген 3 жаранынан табылган. 30-мартта аталган райондун 3 тургуну  коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы кабарланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү