Өкмөт: Аярлуу үй-бүлөлөр үчүн беш миң тонна ун бөлүндү

Автор -
237

Премьер-министрдин буйругу менен социалдык аярлуу үй-бүлөлөргө 5 000 тонна ун (100 миӊ кап) бөлүндү. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 100 миң кап ун 7 облуска бөлүштүрүлдү.

Ал эми, Социалдык өнүгүү министрлиги 2020-жылдын 1-апрелине карата төмөнкү категорияларга пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөп бергенин маалымдады:
• Балдардын жөлөк пулдары – 309 441;
• Жакыр үй-бүлөлөр – 96 002;
• «Балага сүйүнчү» – 31 169;
• Майып балдар – 32 190;
• Улгайгандар – 1 201;
• Баатыр энелер – 143;
• Баккан адамынан ажыраган балдар – 17 733;
• Жетим балдар – 1 145.