Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын (Маяк) чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн облустук ыкчам штаб коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында жалпы айыл элин изоляцияга алуу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, кечээ, 31-март күнү Түп районунун Индияга дааватка барып келген эки тургунунан коронавирус аныкталган. Кийин алар кеминде отуздай адам менен байланышта болгону маалым болгон.